Каракалпак түркчөсү

Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү-14

2196217
Каракалпак түркчөсү

Каракалпак түркчөсү

Урматтуу окурмандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу программабыздын 14-бөлүмүнө келдик. Программабыздын мурунку бөлүмүндө Хорасан түрктөрү, Хорасан түрктөрү жашаган жер жана Хорасан түркчөсү тууралуу кеп салганбыз. Бүгүн Каракалпак түрктөрү, Каракалпак түрктөрү жашаган жер жана Каракалпак түркчөсү тууралуу кеп салабыз.

Каракалпак түрктөрү Түркстан географиясында жашаган казак, кыргыз, өзбек, уйгур жана түркмөн түрктөрүнө салыштырмалуу аймактагы калкы эң аз түрк тобу. Каракалпак түрктөрү бүгүнкү күндө негизинен Каракалпакстанда жашайт жана алардын калкы 2023-жылга карата 900 миң экени белгилүү. Каракалпакстан Өзбекстанга караштуу автономиялуу республика жана тарыхый Арал көлүнүн түштүк бөлүгү Каракалпакстандын чегинде жайгашкан.

Каракалпак аталышы эки сөздүн биригишинен түзүлгөн: «кара» жана «калпак». Демек, «Каракалпак» аталышы бул уруунун расалык өзгөчөлүктөрүн аныктаган термин эмес, алардын кийинүү стилине байланыштуу деп айтууга болот.

Каракалпак түрктөрүнүн бул аталышты алып жүрүшү 16-кылымга туура келет. Бул мезгилге чейинки тарыхый булактарда каракалпак түрктөрү «Кара күлах» же жөн эле «Күлахлылар» деп аталган.

11-кылымга таандык орус жылнамаларында «Чёрные колбуки», араб булактарында болсо «Карабөрклү» деп аталып калган.

Тарыхчы Решидуддиндин айтымында, каракалпак түрктөрү монгол жортуулу учурунда «Кавм - и күлах -и кара» деп аталса, дагы бир араб жазуучусу Эн - Нувейри Алтын - Орду Кыпчак урууларынын арасында «Кара - Бөрклү» деген жамаатты эскерет.

Тарыхчылардын айтымында, каракалпак түрктөрү 6-кылымда огуз, кыпчак, печенек сыяктуу түрк урууларынын аралашып кетишинин натыйжасында пайда болгон жамаат. Огуздар селжуктардын жетекчилигинде Иран аркылуу Анадолу жана Жакынкы Чыгышка таралса, каракалпактардын бир бөлүгү аларга кошулуп, бирок көпчүлүгү Арал деңизинин айланасында калганы белгилүү.

Каракалпак түркчөсү географиялык жана лингвистикалык негиздер боюнча түрк диалектилеринин классификациясында түндүк-батыш же кыпчак тобуна кирет. Түрк диалектилеринин ичинен казак жана ногой түркчөлөрүнө көбүрөөк окшош. Кээ бир түркологдор каракалпак түркчөсүн казак түркчөсүнүн диалектиси катары да карашат.

Белгилүү болгондой, мындан бир кылым мурун, бүгүнкү күндө сүйлөгөн түрк диалектилеринин ортосундагы айырмачылыктын даражасы анча чоң болгон эмес. Ушул себептен түрктөрдүн стандарт же адабий тил түшүнүгү да башкача болгон. Мисалы, казактар, кыргыздар, өзбектер, уйгурлар, каракалпактар ​​же түркмөндөр уруулук аталыштары боюнча өз ара бөлүнүшсө да, алар сүйлөгөн тилди «түркчө» деп атап, жазма тил катары Али Шир Наваи доорунда иштелип чыккан жана батыш адабиятында «Чагатай» деп аталган жазма тилди колдонушкан. Ошого жараша каракалпак түрктөрү да аталган доордо аталган жазма тилди колдонушкан жана совет доорунда ар бир түрк уруусуна өзүнчө алфавит ыйгарылышынын натыйжасында каракалпак түрктөрү өз диалектине негизделген жазуу тилин жараткан. Сөз болуп жаткан жазма тил 1989-жылдын 1-декабрында расмий тил статусуна ээ болгон. Бүгүнкү күндө ал өзбек түркчөсү менен катар Каракалпак Автономиялуу Республикасынын расмий тили болуп саналат. Каракалпак түркчөсү Каракалпакстандын расмий аймактарында, билим берүү, медиа жана маданий иш-чараларда оңой колдонулат.

Проф.др. Гүлсүм Килли Йылмаздын салымдары менен д-р. Саида Бурханеддинова даярдаган, Каракалпак түрктөрү,  Каракалпак түрктөрү жашаган жер жана Каракалпак түркчөсүнө арнаган бөлүмүбүздүн аягына жеттик. Кийинки бөлүмдө түрк диалектисинде сүйлөгөн башка географияда көрүшкөнчө, саламатта болуңуз.



Тектеш кабарлар