Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-40
“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу сөз кылабыз.
Кыргызстандын, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Түркиянын президенттери Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун 79-Башкы жыйынына катышты. Лидерлер көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. Жыйындын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин чогулушу өттү. Борбор Азия+АКШ Тышкы иштер министрлеринин чогулушу да болду. Нью-Йоркто Астана платформасынын Тышкы иштер министрлеринин жыйыны да өттү. Жыйынга Иран, Орусия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери катышты.
Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрь күнү Түрк маалымат агенттиктери биримдиги биримдиктин логотиби кабыл алынганын жарыялады. 2023-жылдын 6-ноябрында түзүлгөн Түрк маалымат агенттиктери биримдигине Анадолу, “Azertac”, Кабар, Казконтент жана УзА маалымат агенттиктери мүчө.
25-26-сентябрда Самаркандда Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Директорлор кеңешинин жылдык жыйыны болуп өттү. Жыйынга 100дөн ашуун өлкөдөн 2 миңден ашуун өкүл катышты. Жыйындын ачылышына Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышып, чет мамлекеттерден келген өкүлдөр менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.
26-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) туризм министрлеринин 9-жыйыны болуп өттү. Жыйында Жалал-Абад шаары 2025-жылы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды.
27-сентябрь күнү Түркмөнстан эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын салтанаттуу иш-чаралар менен белгиледи. 27-сентябрь Түркмөнстанда 2018-жылдан бери Эгемендүүлүк күнү катары белгиленип келет.
23-сентябрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды. Кабыл алууда Азербайжан-Өзбекстан эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.
24-26-сентябрь күндөрү Бакуда 5-Азербайжан эл аралык коргонуу жарманкеси өттү. Жарманкеге 38 өлкөдөн 270 ишкана катышты. Жарманкенин ачылыш аземине Азербайжан жана Түркия республикаларынын коргоо министрлери катышты. Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев жарманкени кыдырды.
25-сентябрь күнү Анкарада ТҮРКСОЙдун жетекчилигинде Түрк республикаларынын опера жана балет кызматкерлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Жыйында 2025-жылы аткарыла турган орток жумуштар талкууланды.
26-сентябрда Будапештте Эл аралык шахмат федерациясынын курултайы болуп өттү. Курултайда Түрк мамлекеттеринин шахмат биримдиги түзүлдү. Түрк өлкөлөрүнүн шахмат биримдигине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия кирет.
27-сентябрда Стамбулда Түркия-Өзбекстан билим форуму болуп өттү. Форумга эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору жана эксперттер катышты. Форумда Түркия-Өзбекстан жогорку окуу жайларынын кызматташтыгы, жасалма интеллект жана жогорку технология деген темаларда отурумдар өткөрүлдү.
28-сентябрда Стамбулда Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан «Түрк дүйнөсүндөгү маданий мурастар жана аларды коргоо» аттуу конференция өткөрүлдү. Конференцияда түрк маданиятын сактап калуунун жолдору жана бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары сыяктуу маселелер талкууланды.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова