Кайсеринин коргошун ашы сорпосу

Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрү-40

2193833
Кайсеринин коргошун ашы сорпосу

КАЙСЕРИНИН КОРГОШУН АШЫ СОРПОСУ

Катталган күнү: 22.11.2021

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагындагы тарыхый шаарлардын бири Кайсери, кыш мезгилинин узак жана суук болушуна байланыштуу көптөгөн түрдүү азыктардан турган тамак-аш маданияты менен белгилүү. 2021-жылы Кайсери Соода палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрүнүн катарына кирген «Коргошун ашы сорпосу», тамак-аш маданиятынын негизгилеринин бири болуп саналат. Кайсеринин Куршун ашы сорпосу булгур жана манна, козу эти, кургатылган нокот, жашыл жасмык, пияз, томат пастасы жана ар кандай жыпар жыттуу заттардан жасалган булгур котлеттери менен даярдалган коюу шорпо. Бардык мезгилде керектелсе да, курамындагы азыктардын көптүгүнөн улам негизинен кыш айларында тандалат. Сорпону жасоодо курамына көптөгөн азыктар кошулуп, сорпо куюлуучу идиштер коргошундай оор болгондуктан аты ошондой аталып калган. Негизинен 6 же 8 кишилик түрүндө жасалган сорпо үчүн биринчиден 2 стакан булгурга буудай уну, манна, жумуртка, калемпир пастасы жана туз кошулуп майда булгур котлеттери даярдалат. Булгур котлеттери бири-бирине жабышып калбаш үчүн алар ундалган патноско тизилет. Сорпонун суусу болсо козунун эти, пияз, май, помидор жана калемпир пастасы, чили калемпири жана зире менен даярдалат. 15 мүнөт кайнатылган сорпого булгур котлеттери, кайнатылган нокот, жашыл жасмык кошулат жана аралашма жай отто дагы 20 мүнөт кайнатылат. Бышыруу процесси аяктагандан кийин 30 мүнөт тыныгууга калтырылган Кайсеринин коргошун ашы сорпосу үстүнө кургак жалбыз себеленип ысык кезинде берилет.



Тектеш кабарлар