Түркия Трамп менен Байдендин дипломатиялык ыкмаларын АКШдагы шайлоого карата таразалады
Шайлоонун жеңүүчүсүнө жараша Түркия-АКШ дипломатиялык карым-катнаштары кескин айырмаланышы мүмкүн.
Түркия Трамп менен Байдендин дипломатиялык ыкмаларын АКШдагы шайлоолор жакындап жатканда таразалап жатат.
Шайлоонун жеңүүчүсүнө жараша Түркия-АКШ дипломатиялык карым-катнаштары кескин айырмаланышы мүмкүн.
TRT World каналынан Эсра Караташ Алпайдын баа берүүсү
Америка Кошмо Штаттарынын алдыдагы президенттик шайлоосунун жыйынтыгы Түркия-АКШ карым-катнаштары үчүн чечүүчү болот, анткени талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харристин ар башка дипломатиялык ыкмалары Вашингтон менен карым-катнаштарга маанилүү таасир тийгизиши мүмкүн.
Демократпы же республикачылбы эки талапкердин кимиси Ак үйдө отурбасын, Анкараны өзүнүн улуттук коопсуздугуна жана аймактык кызыкчылыктарына ылайык, татаал дипломатиялык күн тартиби күтүп турат.
Хасан Калёнжу университетинин окутуучу мүчөсү жана коопсуздук маселелери боюнча изилдөөчү Доц. Д-р. Мурат Аслан; Түркия-АКШ мамилелеринин багыты шайлоонун жыйынтыгына жараша олуттуу түрдө өзгөрүшү мүмкүн экенин баса белгилейт.
Байдендин башкаруусунда АКШ менен Түркиянын ортосундагы чыңалуу уланды. Байдендин салттуу дипломатиялык мамилеси Трамптын Анкара үчүн туруктуураак болгон түз жана элдешүү ыкмасына карама-каршы келет.
Түркия Трамп төрт жыл президент болуп турганда АКШ администрациясы менен көбүрөөк түз байланышта болгон. Трамптын 2019-жылы Сириянын түндүгүнөн америкалык аскерлерди чыгаруу чечими Түркиянын коопсуздук кызыкчылыктары үчүн маанилүү болгон жана Анкарага аймактагы таасирин сактап калуу жана ЙПГ/ПКК террористтерин сүрүп салуу үчүн мейкиндикти камсыз кылган.
Аслан: «Трамптын АКШ аскерлерин Сириянын түндүгүнөн чыгаруу чечими Түркия үчүн маанилүү бир бурулуш болду жана лидерлердин ортосундагы түз байланыштын артыкчылыктарын көрсөттү»,-деди.
ЙПГ ондогон жылдардан бери Түркияга каршы террордук чабуулдарды жасап, он миңдеген карапайым калкты жана аскерлерди өлтүргөн ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы.
Адистер; эгер Харрис түркиячыл кеңешчилер менен иштешпесе, Байдендин учурундагы статус-кво анын мүмкүн болгон президенттиги учурунда дагы уланышы мүмкүн, бирок Трамп кайтып келсе, жок дегенде эки өлкөнүн ортосундагы бөгөттөлгөн диалогду жандандыра алаары алдыга коюлган.
Стамбул Медениет университетинин саясий илимдер факультетинин окутуучусу, Доц. Д-р. Хелин Сары Эртем талапкерлердин ар түрдүү дипломатиялык мамилесин баса белгиледи. «Трамптын саясаты көбүнчө анын инсандыгынан улам түзүлүп, кээде күтүүсүз чечимдерди кабыл алып, Түркиянын пайдасына иштеген. Байдендин саясаты салттуураак эле, бирок ПКК, ЙПГ жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи сыяктуу маселелерде пикир келишпестиктер уланууда»,- дейт.
Трамптын башкаруусу учурунда Вашингтондун ийкемдүү, интерактивдүү позициясы Түркиянын аймактык максаттарына, өзгөчө терроризмге каршы операцияларга салым кошкон.
Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги тең салмактуулук
Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги күчтөрдүн тең салмактуулугу АКШ-Түркия чыңалуусунда эң талаштуу маселелердин бирин түзөт. Түркиянын аймактык суулардагы чечкиндүү позициясы, деңиздеги энергетикалык чалгындоо жана аскерий катышуусу Греция жана Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен түз келишпестиктерди жаратты.
Трамп администрациясынын тушунда Греция менен кызматташтыкты арттыруу, аскерий байланыштарды бекемдөө, Афина жана Левкоша менен дипломатиялык карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн кадамдар ташталды.
Байдендин администрациясы бул мамилени андан да алдыга тартат; Греция Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу жана Израиль менен өнөктөштүктү бекемдөө менен көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн (иштешүүлөрдүн) улана турганына ишарат кылды.
АКШ жакында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын эске албай, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен коргонуу келишимине кол койду. Анкара бул жагдайды өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарына шек келтирген аракет катары баалап жатат.
Эртем: «АКШ Байдендин башкаруусунда Түштүк Кипр Рум башкаруучулугуна жана Грецияга ыктаган күндө да Түркия геосаясий мааниси менен аймактагы негизги оюнчу бойдон калууда. Трамптын ыктымал кайтып келиши тең салмактуулукту калыбына келтириши мүмкүн, бирок терең тамырлуу чыңалуу улантат»,-деди.
Америка Кошмо Штаттары көптөн бери НАТО боюнча эки өнөктөшү Түркия жана Греция менен мамилесин тең салмактоого аракет кылып келет. Эртем: «Трамптын доорунда Грецияга болгон тенденция ачык байкалып турчу. Келечектеги администрациялар чыңалуунун дагы да күчөшүнө жол бербөө үчүн кылдат иш-аракет кылышы керек»,-деп кошумчалады.
Бизди эмне күтүп турат?
Ондогон жылдар бою Түркия-АКШ карым-катнаштары; аскердик кызматташтыкты, аймактык коопсуздукту жана терроризмге каршы иш-чараларды калыптандырат. Бирок Сириядагы уланып жаткан кагылышуулар, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги талаш-тартыштар жана Газа менен Ливандагы чыңалуу өнөктөштүккө шек келтирүүдө.
Эртем, «Шайлоо бул толкунду бурушу мүмкүн, бирок АКШ-Түркия мамилелеринин негизги динамикасы олуттуу өзгөрүшү мүмкүн эмес», - дейт. «Түркия өзүнүн коопсуздук кызыкчылыктарын коргоп, бул глобалдык кыйынчылыктарды жеңүүгө мажбур болот»,-деди ал.
Мурат Аслан да бул көз карашты колдоп: «Ким жеңсе дагы Түркия АКШнын Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги стратегиялык кызыкчылыктары үчүн өтө маанилүү болуп кала берет. Анкаранын алдында; үнүнүн угулганына ишенүү жана барган сайын көп уюлдуу дүйнөдө коопсуздук муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуу болуп саналат.
Шайлоонун жыйынтыгына карабастан; Түркиянын аймактык жана глобалдык ырааттуулуктагы борбордук ролун сактап, көз карандысыз тышкы саясатын улантуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.