Сисинин Анкара сапары

Апталык анализ - 36.2024

2184469
Сисинин Анкара сапары

     Египеттин президенти Абдүлфеттах Сиси орчундуу бир мезгилде Анкарага маанилүү сапарды ишке ашырды.

Эрдогандын Каирге сапар менен барышынан кийин ишке ашкан бул сапар глобалдык жана аймактык абдан маанилүү абалдар болуп жаткан бир мезгилге туш келди. Түркия менен Египеттин ортосунда карым  - катнаштардын калыбына келтирилиши үчүн саясий бир эрк бар болсо да тараптар орток кызыкчылыктарга жана каршы чыгууларга багыт алууда.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

Египеттин президенти Абдулфеттах Сиси Анкарага абдан маанилүү сапар жасады. Орчундуу бир мезгилде ишке ашкан бул сапарга президент Эрдогандын  14 -  февралда Каирге жасаган сапарына жооп катары кароого болот. Түркия Египетте  2013 -  жылы болгон төңкөрүшкө катуу жооп берген жана эки тараптуу карым  - катнаштар бул процессте абдан чоң жаракат алган. Тараптар тышкы саясаттарын бири бирине каршы иштеп, жеңилүү – жоготууга да киришкен. Бирок келинген жерде Түркия менен Египет тийиштүү позицияларын кайра карап чыгууга аргасыз болду. 

Эки өлкө үчүн чоң каршы чыгуулар пайда болгон учурда  эки өлкөнүн мамилелерин кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы ортого чыкты.  Египеттин өзгөчө экономикалык кыйынчылыктары, Эфиопияда болгон «Хадисе» плотинасы сыяктуу чоң маселелер. Израиль  7 -  октябрдан кийин Газаны басып алышы жана бул жерде кыргын кыла башташы да албетте эки өлкөнүн карым  - катнаштарын калыбына келтирүү үчүн маанилүү түрткү берүүчү күч болду.

Түркия негизинен көп убакыттан бери көйгөйлөрдү жашап келе жаткан аймак өлкөлөрү менен карым  - катнаштарын калыбына келтирүү үчүн саясий эркти ортого салды. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Египет сыяктуу өлкөлөр бул жаңы калыбына келүү парадигмасы жактан маанилүү өлкөлөр. Ушунун негизинде  2021 -  жылдан тарта Түркия  - Египет карым  - катнаштарында кайрадан бир рестоврацияга күбө болунгандыгын айтууга болот. Карым  - катнаштардын нормалдаштырылышы үчүн техникалык делегациялар түзүлүп сүйлөшүүлөр башталды. Маселелерди бөлүктөргө бөлүү менен чечүүгө карата аткарылган бул кыймылдар ийгиликтүү болду. 2022 -  жылы Катарда болгон ФИФА Дүйнөлүк кубогунун ачылуу аземинде Режеп Таййип Эрдоган  менен Абдулфеттах Сисинин ортосундагы кол алышуу футбол дипломатиясы катары ортого салынды. Эрдогандын 14 -  февралдагы Каир сапары болсо карым  - катнаштарда жаңы бир бурулуш жерин белгиледи жана бир топ темада маанилүү келишимдерге кол коюлду. Эми Абдүлфеттах Сисинин Анкара сапары да бул процессти толуктоочу мүнөздө деп айтууга болот.

Сисинин Анкара сапарын да Каирдегиге окшош формада бир топ тармакта маанилүү келишимдерге кол коюлду. Тараптар  экономикалык жактан бири бирин колдоо эркин көрсөтүп, бири бирине краата соода көлөмүн  15 миллиард долларга чыгаруу максатында. Ошентсе да  коргонуу өнөр жайы жана энергетика тармагында олуттуу потенциалдын бар экенин айтууга болот. Азыркы учурда Газада болгон кыргын жана Израилдин саясаттары эң башта турат. Газада туруктуу ок атышпоонун ортого чыгышы, оккупациянын акырына чыгышы, Израилдин кылмыштарынын жазасын тартышы сыяктуу темаларда биргеликте кыймыл кылынууда. Түркиянын Газага жардамдарды жеткиришинде Египет албетте чоң мааниге ээ, ушунун негизинде  карым  - катнаштардын калыбына келиши Түркиянын оңой түрдө газага жетишине мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошнетсе да согуштун аймакташуу ыктымалы АКШнын аймакта күч алган аскердик жайгашуусу сыяктуу темаларда эки өлкөнүн бирдикте кыймыл кылуу керек болгон маселе.



Тектеш кабарлар