Берлин кинофестивалында 19 тасма ат салышат
Германиянын борбор шаары Берлинде 13-23-февраль күндөрүндө өтө турган 75-Эл аралык кинофестивалда (Берлинале) 19 тасманын баш байге "Алтын аюу" үчүн ат салышаары маалымдалды.
Германиянын борбор шаары Берлинде 13-23-февраль күндөрү өтө турган 75-Эл аралык кинофестивалда (Берлинале) 19 тасманын баш байге "Алтын аюу" үчүн ат салышаары маалымдалды.
75-Берлиналенин программасы Берлиналенин директору Трисия Таттлдын катышуусунда Haus der Kulturen der Welt залында өткөрүлгөн пресс-конференцияда тааныштырылды.
13-февралда немис режиссеру Том Тайквердин "Жарык" (Das Licht) тасмасы менен ачыла турган фестивалда 17си дүйнөлүк премьера болгон 19 тасма баш байге "Алтын аюу" үчүн ат салышат.
Фестивалда жалпысынан 74 өлкөдөн 240 тасма түрдүү категорияда көрсөтүлөт.
Фестивалда «Алтын аюу» жана «Күмүш аюу» сыйлыктарын ала турган тасмаларды аныктай турган калыстар тобуна америкалык режиссер, сценарист жана продюсер Тодд Хейнс төрагалык кылат, калган калыстар тобунун мүчөлөрү кийинчерээк белгилүү болот.
Быйылкы Берлинале сыйлыгы менен сыйланган шотландиялык актриса Тильда Суинтон сыйлыгын 13-февралдагы фестивалдын ачылыш галасында алат.
Сыйлыктар жеңүүчүлөрүнө 22-февралда дүйнөгө белгилүү актерлордун катышуусу күтүлүп жаткан фестивалда тапшырылат.
Тектеш кабарлар
Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет
«Исра жана Мираж керемети» деп аталган бул окуя Курани Каримдин Исра жана Нажм сүрөсүндө баяндалат.