Ассосто 2200 жылдык мозаика жана 1800 жылдык монументалдык мүрзө табылды
Кылымдар бою маанилүү порт шаары болгон Ассос урандылары жана жаратылышы менен жыл сайын көптөгөн туристти өзүнө тартууда.
![Ассосто 2200 жылдык мозаика жана 1800 жылдык монументалдык мүрзө табылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a0b1/0298/a1f1/6790d220519f6.jpg?time=1738778446)
Чанаккале облусунун Айважык районундагы Бехрамкале айылынын чегинде жайгашкан Ассосто 2200 жылдык мозаика жана 1800 жылдык монументалдык мүрзө табылды.
Кылымдар бою маанилүү порт шаары болгон Ассос урандылары жана жаратылышы менен жыл сайын көптөгөн туристти өзүнө тартууда.
Түрк илимпоздору тарабынан 1981-жылдан бери Ассосто жүргүзүлгөн казуу иштеринин 44-сезону аяктады.
Чанаккале Онсекиз Март университети, гуманитардык жана коомдук илимдер факультети, археология бөлүмүнүн академиялык мүчөсү жана Ассос казуу комитетинин башчысы, профессор доктор Нуреттин Арслан казуу маалында байыркы шаарда жана акрополдо (байыркы шаарлардын жанындагы чептер жана ар кандай курулуштар курулган дөңсөөлүү жерлерге берилген ат) жаңы табылгаларга жетишкендерин айтты.
Арслан булардын бирөөсүнүн өткөн жылдарда башталган жана азыр да улантылып жаткан батыш дубалынын четиндеги сарайдын курулушу экендигин белгилеп : "Казуулардан кийин эллинизм дооруна таандык мозаиканын бүгүнкү күнгө чейин толугу менен сакталганына күбө болдук. Мозаика көп бурчтуу таштардан жасалып, үч түстүү өсүмдүк жана геометриялык оюмдардан турат",- деди.
Мындай мисалдардын Анадолуда майда бөлүктөрдө табылганына көңүлдөрдү бурган Нуреттин Арслан сөзүн төмөнкүчө улантты : "Айрыкча Македония менен Грециянын кээ бир шаарларында да мисалдары бар. Ассосто табылган бул жаңы мозаика биздин учурдагы эсептөөлөр боюнча 2200 жылдык. Ушул себептен чындыгында Анадолудагы эллинизм дооруна таандык көп бурчтуу тессералы (түрдүү түстөрдөн турган мозаикалардагы сүрөттүн эффектисин арттыруу үчүн колдонулган таш, айнек же мармар бөлүктөрү) алгачкы мозаикалардын бири экендигин айта алабыз.
Бул курулуштун эллинизм доорунда балким гимназия катары колдонулганын, бирок акыркы колдонуу мезгили болгон Византия доорунда турак жай аймагына айландырылганын жана колдонулгандыгына карабастан чындыгында мозаикалардын эч бузулбастан бүгүнкү күнгө чейин келиши абдан чоң мүмкүнчүлүк экендигин айта алабыз".
Профессор доктор Арслан башка казылган жердин агоранын чыгыш бөлүгү экендигин айтты.
Өздөрүнөн мурунку изилдөөчүлөрдүн «фонтандык түзүлүш» деп аталган түзүлүштү казгандыгын айткан Арслан : "Бул жерде да казуу иштери аяктап жыйынтыкталды. Казуулардан кийин негизинен сөз кылып жаткан чоң монументалдык түзүлүш фонтан эмес, Ассостогу маанилүү үй-бүлөлөрдүн бирине таандык мүрзө эстелиги же 1800 жылдык монументалдык мүрзө экендиги ортого чыкты",- деди.
Тектеш кабарлар
![Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/6689/493c/c72f/6795f49803f6b.jpg?time=1738778446)
Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет
«Исра жана Мираж керемети» деп аталган бул окуя Курани Каримдин Исра жана Нажм сүрөсүндө баяндалат.