Анталья музейлерине чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө
Жыл сайын миллиондогон туристти кабыл алган Анталья маданий мурастары менен да өзгөчөлөнүүдө.
![Анталья музейлерине чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/337f/973c/da4e/678b4af36f1b9.jpg?time=1738778125)
![antalya muze.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f70/e1d9/b56f/678b4b460b8d0.jpg?time=1738778125)
![antalya muze.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a80e/bec2/1ec7/678b4b2424806.jpg?time=1738778125)
![antalya muze.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/337f/973c/da4e/678b4af36f1b9.jpg?time=1738778125)
Жыл сайын миллиондогон туристти кабыл алган Анталья маданий мурастары менен да өзгөчөлөнүүдө.
Ар түрдүү цивилизациялардын маданий байлыктарына ээ болгон шаар музейлери жана байыркы шаарлары менен көңүлдөрдү бурууда.
2024-жылы Антальядагы музейлер тарых ышкыбоздорун тосуп алды.
1 миллионго жакын жергиликтүү жана чет элдик турист өткөн күндүн изин чагылдырган жерлерди кыдырышты.
50 миңден ашуун экспонат менен көңүлдөрдү бурган Анталья археологиялык музейи 2024-жылы шаардын эң көп кыдырылган музейи болду.
Шаардын борборундагы музей 180 миңге жакын конокту тосуп алды.
Мевлевихане музейи, Ататүрктүн үй музейи жана Ыйык Николас мемориалдык музейи да кызыгууларды тарткан музейлер болду.
Музейлерге келгендердин санын көбөйтүүдө былтыр ишке ашырыла баштаган түнкү музейлер чоң роль ойноду.
Маданият жана туризм министрлиги да Антальяга жаңы музейди алып келүү үчүн иштеп жатат.
Кемер районундагы Жер Ортолук деңизинин суу астындагы археологиялык музейинин курулушу быйыл башталат.
Тектеш кабарлар
![Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/6689/493c/c72f/6795f49803f6b.jpg?time=1738778125)
Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет
«Исра жана Мираж керемети» деп аталган бул окуя Курани Каримдин Исра жана Нажм сүрөсүндө баяндалат.