Сербияда «Түрк маданият күндөрү» иш-чарасы башталды
Түркиянын Нови-Пазар шаарындагы башкы консулдугу, Юнус Эмре институту жана Түркия бүтүрүүчүлөр коому тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында «Анадолудан » түрк джаз музыкасы концерти өткөрүлдү.
Сербиянын Нови - Пазар шаарында «Түрк маданият күндөрү» аттуу иш - чара башталды.
Түркиянын Нови-Пазар шаарындагы башкы консулдугу, Юнус Эмре институту жана Түркия бүтүрүүчүлөр коому тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында «Анадолудан соккон жел» аттуу түрк джаз музыкасы концерти өткөрүлдү.
Нови - Пазар түрк маданият борборунда башталган иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн башкы консул Осман Пешмен маданий иш-чаралардын элдердин ортосундагы карым-катнаштарды жакшыртарын белгиледи.
Пешмен Нови Пазар шаары жайгашкан Санжак аймагын Түркия менен Сербиянын ортосундагы көпүрө катары көргөндөрүн, аймакта уюштурулган билим, маданият жана искусство тармагындагы иш-аракеттерге колдоо көрсөткөндөрүн айтты.
Иш-чаранын алкагында үч күн бою концерттер, панелдер жана кино көрсөтүүлөр боло турганын белгилеген Пешмен, эки өлкөнүн карым-катнаштарына салым кошууну каалагандарын айтты.
"Түрк маданият күндөрү" иш-чарасы 11-декабрда аяктайт.