Aнкарада «Зайтун тоосунун балдары» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Фотограф жана изилдөөчү жазуучу Хилал Баяр «Зайтун тоосунун балдары» аттуу көргөзмөсүн Анкарада  көрүүчүлөрдүн назарына тартуулады.

2218081
Aнкарада  «Зайтун тоосунун балдары» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды
zeytin dagi cocuklari fotograf sergisi.jpg
zeytin dagi cocuklari fotograf sergisi.jpg
zeytin dagi cocuklari fotograf sergisi.jpg

Согуш уланып жаткан Палестина, Сирия жана Украинадан келген балдар катышкан «Зайтун тоосунун балдары» аттуу сүрөт көргөзмөсү Анкарада ачылды.

Фотограф жана изилдөөчү жазуучу Хилал Баяр "20-ноябрь Дүйнөлүк балдардын укуктарын коргоо күнүнө" арналган долбоорунун алкагында активдүү согуш жүрүп жаткан Сирия, Украина жана Палестинадан келген балдарды сүрөткө тартты.

Баяр тарткан фотосүрөттөрдөн турган «Зайтун тоосунун балдары» аттуу көргөзмөсүн Анкарада  көрүүчүлөрдүн назарына тартуулады.

Борбор шаардагы «Фотоколектиф» сүрөт галереясында 55 фотосүрөттү камтыган көргөзмө 25-декабрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар