Анталья "D-8 туризм шаары" сыйлыгын алган биринчи шаар

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Антальянын дагы бир жолу сап башында экенин айтты.

2217334
Анталья "D-8 туризм шаары" сыйлыгын алган биринчи шаар

Анталья "D-8дин 2025-жылдагы туризм шаары сыйлыгын" алган биринчи шаар болду.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Антальянын дагы бир жолу сап башында экенин айтты.

Дүйнөнүн маанилүү туризм борборлорунун бири Антальянын Өнүгүп келе жаткан сегиз өлкө уюмунун (D-8) «2025-жылдагы D-8 Туризм шаары сыйлыгын» жеңип алып бул наамды алган биринчи шаар болгонун белгилеген Эрсой: «Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин сансыз цивилизацияларды кабыл алган, маданий байлыктарын табигый кооздуктар менен айкалыштырып туристтерге унутулгус тажрыйба тартуулаган бул уникалдуу шаарыбыз мындан ары да Түркиядагы эле эмес, дүйнөдөгү эң көп тандалган туризм борборлорунун бири болуп кала берет»,-деди.



Тектеш кабарлар