Женевада түрк кофеси таанытылды

Алгач бир мейманканада конокторго түрк кофеси жана түрк локуму тартууланды.

2216762
Женевада түрк кофеси таанытылды

5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө карата Швейцариянын Женева кантонундагы эки башка иш-чарада түрк кофеси таанытылды.

Алгач бир мейманканада конокторго түрк кофеси жана түрк локуму тартууланып, андан соң Женевадагы престиждүү мейманкана башкаруу, туризм жана гастрономия мектеби «Ecole Hoteliere de Geneve» студенттерине түрк кофесин даярдоо ыкмалары тууралуу маалымат берилди.

Түрк кофеси 2013-жылдын 5-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

2013-жылдан бери 5-декабрь "Бүткүл дүйнөлүк түрк кофеси күнү" катары белгиленип келет.



Тектеш кабарлар