Наблус самыны ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди
Парагвайдын борбору Асунсьонда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 19-сессиясы өтүп жатат.
2217026
Палестинанын 1000 жылдык «Наблус самынын жасоо салты» Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди.
ЮНЕСКОнун билдирүүсүнө караганда, 2-7-декабрда Парагвайдын борбору Асунсьонда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 19-сессиясы өтүп жатат.
3-декабрда өткөрүлгөн сессияда Палестинанын 1000 жылдык «Наблус самынын жасоо салты» ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди.
Палестинанын эң атактуу самыны Наблус самынынын өндүрүшүндө зайтун майы, натрий гидроксиди (NaOH) жана суу колдонулат.
Наблус самыны узакка созулган аракеттин натыйжасында жасалат.