Гөбеклитепе фотосүрөттөрү испандарга көрсөтүлөт
Гөбеклитепе фото көргөзмөсү 12-октябрда Испаниянын борбор шаары Мадриддеги Улуттук Антропология музейинде ачылат.
Археологиялык жана антропологиялык жактан адамзат тарыхын өзгөрткөн Гөбеклитепе жана айланасындагы таш түзүлүштөрдү сүрөткө тарткан испаниялык фотограф Исабел Муноз Мадридде ачыла турган көргөзмөсү менен испандарды цивилизациянын бешиги менен тааныштырат.
Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, Түркиянын Мадриддеги элчилигинин салымдары менен даярдалган Муноздун «Жаңы тарых» аттуу Гөбеклитепе фото көргөзмөсү 12-октябрда Испаниянын борбор шаары Мадриддеги Улуттук Антропология музейинде ачылат.
Ачылыш даярдыктары учурунда билдирүү жасаган Муноз: «Гөбеклитепе биринчи кезекте адамзаттын ачылышы. Ал цивилизациянын бешиги, ошондуктан мен аны цивилизациянын нөл жылы деп атадым. Балким биз дагы эле бул эмнени билдирерин түшүнө элекпиз, бирок бул укмуштуу нерсе. Ал жер адамзаттын бардык долбоорлору жаралган жер», деди.
Гөбеклитепе жана «өзүнө дагы терең таасир берген жер» деп мүнөздөгөн Карахантепеде абдан өзгөчө жана күчтүү сезимдер менен иштегенин түшүндүргөн Исабел: «Цивилизациянын нөл жылы Түркияда. Б.з.ч 9 миң 600 жыл жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бул башталышы. Бул жерлерди сүрөткө тартып жатканда менин сезгенимдерим, толкундануум, сүрөттөр аркылуу жеткирүү сезими өзгөчө болду»,- деди.
Гөбеклитепени биринчи жолу 100дөн ашуун фотосүрөт менен чет өлкөгө алып бара турган жана 2023-жылдын сентябрь айында табылган акиташ ташынан жасалган чыныгы чоңдуктагы жапайы каман айкелинин фотосүрөтү алгач ирет искусство сүйүүчүлөргө тартуулана турган көргөзмө январга чейин ачык болот.
Тектеш кабарлар
Анталияда кышында деңизден ырахат алуу
Антальянын күнөстүү абасында айрымдары жээкте күнгө күйсө, башкалары сууга түшүштү.