TEKNOFEST аяктады

Иш-чаранын алкагында кыдыруучулар, Адананын асманында учкан Түрк жылдыздары, СОЛОТҮРК, Жандарманын болот канаттары, F-16 учактары, чабуул коюучу тик учактар жана парамоторлордун шоулорун көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

2195397
TEKNOFEST аяктады

Аданада уюштурулган Авиация, космос жана технология фестивалы (TEKNOFEST) аяктады.

Адана аэропортунда 2-октябрда башталган фестивалда 5 күн бою көптөгөн илимий, маданий жана искусство иш-чаралары менен сынактар ​​өтүп, иштелип чыккан технологиялар катышуучуларга таанытылды.

Иш-чаранын алкагында кыдыруучулар, Адананын асманында учкан Түрк жылдыздары, СОЛОТҮРК, Жандарманын болот канаттары, F-16 учактары, чабуул коюучу тик учактар жана парамоторлордун шоулорун көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Фестивалда парашют менен секирүү, тик учак менен абадан эвакуациялоо сыяктуу кызыктуу шоулар да көрсөтүлдү.

Акробатикалык шоулардан баштап жогорку технологиялык симуляцияларга, илимий семинарларга жана көргөзмөлөргө чейин бардык курактагы жарандар үчүн иш-чара программасы уюштурулган фестивалга көп сандаган киши катышты.

Балдар үчүн илимий шоу, мюзикл жана викториналык сынактар ​​уюштурулган иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилди.



Тектеш кабарлар