Карстын гравйер сыры катталды

Шаарда жыл сайын болжол менен 200-250 тонна гравйер сыры өндүрүлөт.

2194778
Карстын гравйер сыры катталды
kars gravyer peyniri.jpg
kars gravyer peyniri.jpg

Карстын бийик тоолуу жайлоолорундо багылган уйлардын сүтүнөн жасалган "гравйер сыры" географиялык көрсөткүч катары катталды.

Шаардагы фермалардан чогултулган сүттү белгилүү этаптардан өткөргөн өндүрүүчүлөр, андан кийин жез казандарга куюп кайнаткан сүттү майда бөлүкчөлөргө айландырышат.

Казандардан алынып калыптарга куюлган сүт 48 саат тыныктырылып, салкын бөлмөдө болжол менен 6-9 ай сакталып гравйер сырына айландырылат.

Карс соода-өнөр жай палатасы (KATSO) тарабынан да 2021-жылы Түрк патент жана бренд институтуна берилген арыздын натыйжасында гравйер сыры 17-сентябрда географиялык көрсөткүч күбөлүгүнө ээ болду.

Шаарда жыл сайын болжол менен 200-250 тонна гравйер сыры өндүрүлөт.

Өндүрүүчүлөр Карстын гравйер сырын дүйнөгө тааныта тургандарын билдиришүүдө.



Тектеш кабарлар