Аданада TEKNOFEST уланууда
Ата мекендик жана улуттук унаа TOGGдун экинчи модели T10F биринчи жолу TEKNOFESTте көргөзмөгө коюлду.
Авиация, космос жана технология фестивалынын (TEKNOFEST) экинчи күнүндө акробатикадан жогорку технологиялык симуляцияларга, балдардын сахналарынан санариптик саякаттарга чейин көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Ата мекендик жана улуттук унаа TOGGдун экинчи модели T10F биринчи жолу TEKNOFESTте көргөзмөгө коюлду.
ASELSAN ACV-X учкучсуз жана автономдуу бронетранспорттук унаасы да TEKNOFESTте биринчи жолу көргөзмөгө коюлгандардын арасында болду.
Анын жанында ASLAN учкучсуз кургактык унаасы жайгашты.
Коргоо өнөр жайынын жылдыздары көрсөтүлгөн стенддер чоң кызыгуу жаратты.
Адананын белгилүү кебабы болсо бул ирет башкача тартууланды. Адана кебабы көмүрдүн, оттун жана ыштын ордуна жасалма интеллект менен бышырылды.
TEKNOFEST быйыл да рекорд жаңылады. Фестивалга 1 миллион 630 миң жарышчы жана 788 миң 161 команда кайрылды.
Фестиваль 6-октябрга чейин уланат.
Тектеш кабарлар
Анталияда кышында деңизден ырахат алуу
Антальянын күнөстүү абасында айрымдары жээкте күнгө күйсө, башкалары сууга түшүштү.