"Түнкү музейлер" долбоору

Бул долбоор тарыхый жайлар менен музейлерге түнкүсүн барууну каалагандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду.

2194041
"Түнкү музейлер" долбоору

Апрелде биринчи жолу ишке киргизилген "Түнкү музейлер" долбоорунун алкагында тарыхый жайлар менен музейлерге 361 миңден ашык адам барды.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, маданий туризмде жаңы доордун эшигин ачкан бул долбоор тарыхый жайлар менен музейлерге түнкүсүн барууну каалагандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду.

Апрель-сентябрь айларында Измирдеги тарыхый Эфес урандыларын 284 миң 240, Денизлидеги Хиераполисти болсо 76 миң 975 киши кыдырды.

Ушундайча "Түнкү музейлер" долбоорунун алкагында тарыхый жайларга 361 миң 215 киши кабыл алынды.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында: "Келерки жылдары башка жерлерде да Түнкү музейлер долбоорун ишке киргизип, өлкөбүздүн маданий байлыктарын кеңири чөйрөгө жеткиребиз" деп жазды.



Тектеш кабарлар