Көмүрхан көпүрөсүнө сыйлык берилди

Көмүрхан көпүрөсү Эл аралык Жол Федерациясы (IRF) тарабынан 2024 Глобалдык жол Жетишкендиктер сыйлыктарынын алкагында, мыкты долбоор болуп  тандалды.

2187245
Көмүрхан көпүрөсүнө сыйлык берилди

Көмүрхан көпүрөсү Эл аралык Жол Федерациясы (IRF) тарабынан 2024 Глобалдык жол жетишкендиктер сыйлыктарынын алкагында, мыкты долбоор болуп  тандалды.

 Эл аралык Жол Федерациясынын жыл сайын өткөрүлгөн Глобалдык жол жетишкендиктеринин алкагында Көмүрхан көпүрөсү чыңалган жантайма илгич жана тескери-Y түрү өзгөчөлүгү менен курулуш методологиясы категориясында эң мыкты долбоор болуп тандалып, сыйлыкка ылайык көрүлдү.

Элазыг жана Малатиянын ортосундагы табигый чек арада жайгашкан көпүрө аймактагы транспортту гана эмес, ар бир багытта эки тилкелүү унаа кыймылын да жеңилдетти. 

Көпүрөнүн курулушунда колдонулган 7 миң тонна болот Париждин символу болгон Эйфель мунарасында колдонулган болоттун көлөмүнө барабар.

Эл аралык Жол Федерациясынын  2024  Глобалдык жол жетишкендиктери сыйлыктары  2024 -  жылы  12  - декабрда АКШнын Орландо шаарында өтө турган азем менен тапшырылат. 

 

 



Тектеш кабарлар