Түркиянын АКШга экспорту өстү

Түркия Экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, Түркия өткөн жылы экспортун эң көп көбөйткөн өлкө АКШ болду.

2232354
Түркиянын АКШга экспорту өстү

Түркия өткөн жылы экспортун эң көп өстүргөн өлкө 1 миллиард 256 миллион доллар менен АКШ болсо, өлкөгө экспорт 13 миллиард доллардан ашты.

Түркия Экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, Түркия өткөн жылы экспортун эң көп көбөйткөн өлкө АКШ болду.

Түркиянын бул өлкөгө экспорту өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 1 миллиард 256 миллион долларга өстү.

Экспорттун өсүшү боюнча АКШдан кийин 1 миллиард 254 миллион доллар менен Улуу Британия, 997,9 миллион доллар менен Румыния, 958,8 миллион доллар менен Ирак жана 879,2 миллион доллар менен Италия турат.

Өткөн жылы АКШга 13,4 миллиард доллар, Улуу Британияга 12,7 миллиард доллар, Италияга 12 миллиард доллар, Иракка 10,7 миллиард доллар жана Румынияга 7,5 миллиард долларлык экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар