Түркия дүйнөлүк эмерек экспортунда 7-орунда
Эл аралык Стамбул эмерек жарманкеси башталды.
2232874
Соода министри Өмер Болат Түркиянын дүйнөлүк эмерек экспортунда 7-орунда турганын айтты.
Мебель бирикмелери федерациясы (MOSFED) тарабынан Түйап конгресс жана жарманке борбору менен Стамбул жарманке борборунда бир убакта уюштурулган «IIFF (İstanbul International Furniture Fair) Эл аралык Стамбул эмерек жарманкеси» башталды.
Стамбул жарманке борборундагы ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн министр Болат, түрк эмерек секторунун экспортко ачылгандан кийин дүйнө жүзү боюнча атак-даңкка ээ болгонун билдирип: «Түркиянын жалпы товар экспортунун 2 пайызын түзгөн эмерек сектору дүйнөлүк эмерек экспортунун да 2 пайызына жетип, дүйнөдө 7-орунга көтөрүлдү. Биргеликте мындан да жогору көтөрүлөбүз»,-деди.