2024 - жылы Түркиядан 3,4 миллиард доллардык мөмө жана жашылча  - жемиш экспорттолду

Бул тууралуу Ферхат Гүрүз маалымат берди.

2232867
2024 -  жылы Түркиядан   3,4 миллиард доллардык мөмө жана жашылча  - жемиш экспорттолду

Өткөн жылы Түркиядан 3,4 миллиард доллардык мөмө жана жашылча  - жемиш экспорттолду.

Жер Ортолук жашылча-жемиш экспорттоочулар коомунун төрагасы Ферхат Гүрүз жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өткөн жылы эл аралык базарларда 4 миллион 193 миң тонна продукциянын сатылгандыгын белгилеп : «Бул мезгилде эң көп экспорттолгон продукция тизмесинде  476 миллион доллар менен мандарин биринчи, 427 миллион доллар менен помидор экинчи, 357 миллион доллар менен лимон үчүнчү орунду алды. Өткөн жылы экспорт көлөмүндө эң көп өсүүнү картошка, кара өрүк, шабдаалы, апелсин, өрүк, анар жана анжир алып келди.

Секторубуз эң көп экспорт кылган өлкөлөр тизмесинде биринчи үч орунга Россия, Германия жана Румыния чыкты.

Россияга 872,3 миллион доллар, Германияга  354 миллион доллар жана Румынияга  289 миллион долларлык экспорт жасадык. 2024 -  жылы экспорт көлөмүн эң көп өстүргөн өлкөлөр Ирак, Грузия жана Сауд Арабия болду".



Тектеш кабарлар