Түркиянын фындык экспорту
Түркия өткөн жылы 130 өлкөгө фундук экспорттоду.
Түркиядан 2024-жылы экспорттолгон 323 миң 243 тонна жергиликтүү фундуктун 27,3 пайызы Германияга жасалды.
Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар биримдигинин жооптууларынан алынган маалыматка караганда, дүйнөлүк фундук өндүрүшүнүн маанилүү бөлүгүн түзгөн Түркия өткөн жылы 130 өлкөгө фундук экспорттоду.
Экспорттолгон 323 миң 243 тонна фундуктан 2 миллиард 635 миллион 868 миң 856 долларлык киреше түштү.
Түркиянын 2024-жылдагы фундук экспорту мурунку жылга салыштырмалуу көлөм жагынан 39 миң 724 тоннага, кирешеси 771 миллион 317 миң 781 долларга көбөйдү.
Өткөн жылы эң көп фундук экспорту 88 миң 260 тонна менен Германияга жасалды.
Түркиянын фундук экспортунун 27,3 пайызына туура келген бул экспорттон 705 миллион 443 миң 110 долларлык киреше алынды.
Фундук эң көп экспорттолгон өлкөлөрдүн ичинен Италия экинчи, Польша үчүнчү орунду ээледи.
Түркия акыркы жылдарда фундук экспортунда эң көп ийгиликтерге жетишкен рыноктордун бири Кытай Эл Республикасы болду.