Түркия өндүрүлгөн кендердин ар түрдүүлүгү жагынан дүйнөдө 7-орунда
Министр Байрактар Стамбулда өткөрүлгөн Түркия тоо-кен саммитинде сөз сүйлөдү.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, дүйнөдөгү 90 кендин 70инин Түркияда жайгашканын айтты.
Стамбулда өткөрүлгөн Түркия тоо-кен саммитинде сөз сүйлөгөн министр Байрактар, Түркиянын өндүрүлгөн кендердин ар түрдүүлүгү жагынан дүйнөдө 7-орунда турганын эске салып: "Бор, сода, гипс жана хром боюнча алдыңкы 5тин катарына киребиз. Бул биздин өлкөнү жана тоо-кен өнөр жайыбызды эл аралык аренада абдан маанилүү борборго айлантууда" деди.
Байрактар чийки зат менен камсыздоо коопсуздугунун алкагында бир гана Түркияда эмес, башка географияларда да бургулоо жана чалгындоо иштерин жүргүзүшкөндөрүн билдирип: «Бул контекстте Нигерде чалгындап жаткан алтын кендердин биринде 2025-жылы MTA IC менен өндүрүштү баштоону пландап жатабыз»,-деп маалымдады.
Министр Байрактар, Түркиянын дүйнөлүк запастардын 73 пайызына ээ болгон бор кенинде 60 пайыздан ашуун дүйнөлүк рынок үлүшү менен лидерлигин улантканына көңүл буруп: «Ушул алкакта 2,5 миллион тонна бор сатуудан 2024-жылы 97 пайызы экспорт жалпы 1,3 миллиард долларлык сатуу менен рекорд жаңылайбыз»,-деди.