Түркия фундук экспортунан 3 айда 811 миллион доллардан ашык киреше тапты
2024-2025 экспорттук сезондун 1-сентябрдан 30-ноябрына чейинки мезгилине байланыштуу маалымат берилди.
2216210
Түркия 1-сентябрда башталган жаңы сезондун алгачкы үч айында фундук экспортунан 811 миллион доллардан ашык киреше тапты.
Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2024-2025 экспорттук сезондун 1-сентябрдан 30-ноябрына чейинки мезгилине байланыштуу маалымат берилди.
Билдирүүдө, айтылган даталар арасында чет өлкөгө 100 миң 426 тонна фундуктун 811 миллион 879 миң 294 долларга сатылганы белгиленди.
Өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 83 миң 53 тонна фундуктун экспортунан 569 миллион 358 миң 36 долларлык киреше түшкөнү маалымдалды.