Чыгыш Кара деңиз аймагынын экспорттук кирешеси 1,5 миллиард доллардан ашты

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аймактан экспорттун 11 айда 24 пайызга өскөнүн маалымдады.

2216398
Чыгыш Кара деңиз аймагынын экспорттук кирешеси 1,5 миллиард доллардан ашты

Трабзон, Ризе, Артвин жана Гүмүшханенин үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь мезгилиндеги экспорт кирешеси 1 миллиард 554 миллион 612 миң 362 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аймактан экспорттун 11 айда 24 пайызга өскөнүн маалымдады.

Бул мезгилде эң көп экспорт жасалган тармактар ​​723 миллион 415 миң 736 доллар менен фундук, 238 миллион 615 миң 817 доллар менен аквакультура жана мал чарба продукциялары, 179 миллион 375 миң 999 доллар менен кен жана металлдар, 162 миллион доллар менен мөмө-жемиш жашылчалар, 37 миллион 861 миң 778 доллар менен химиялык заттар жана өнүмдөрү катары тизмеленгенин айткан Гүрдоган, бул мезгилде аймактан 146 өлкөгө экспорт жасалганын билдирди.

Гүрдоган аймактан эң көп экспорт кылынган 5 өлкөнүн Орусия, Италия, Германия, Грузия жана Кытай экенин кабарлады.



Тектеш кабарлар