Автоунаа өнөр жайынын 11 айлык экспорт кирешеси 35 миллиард долларга жакындады
Ноябрь айында сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,3 пайызга өсүп, 3 миллиард 241 миллион 318 миң долларлык киреше түштү.
Түрк автомобиль өнөр жайынын экспорт кирешеси 2024-жылдын январь-ноябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга өсүү менен 33 миллиард 731 миллион 566 миң долларга жетти.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TİM) маалыматына караганда, Түркиянын автоунаа экспортунун кирешеси 2024-жылдын январь-ноябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга өсүп, 33 миллиард 731 миллион 566 миң доллар болду.
Ноябрь айында да сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,3 пайызга өсүп, 3 миллиард 241 миллион 318 миң долларлык киреше түштү.
Автоунаа өнөр жайынын экспорттук көрсөткүчтөрүн суб-товарлар тобу катары караганыбызда, 19,6 миллиард долларлык автомобиль негизги өнөр жайы, 13,7 миллиард долларлык автомобиль өнөр жайы, 245,6 миллион долларлык автомобиль өнөр жайынын берки транспорт каражаттары, 9,4 миллион долларлык автомобиль өнөр жайынын минералдык күйүүчү майлары, минералдык майлар жана буюмдары экспорттолду.
Автоунаа өнөр жайындагы эң чоң экспорт 4,4 миллиард долларлык киреше менен Германияга жасалды. Бул өлкөдөн кийин 3 миллиард 828,9 миллион доллар менен Улуу Британия, 3 миллиард 827,6 миллион доллар менен Франция, 3,1 миллиард доллар менен Италия жана 2,3 миллиард доллар менен Испания орун алды.