Түрк лососунун экспорту өстү
Өткөн жылдан айырмаланып Түркиядан Филиппин, Египет, Оман, Словения, Бахрейн, Өзбекстан жана Сербияга да лосось экспорттолду.
Түрк лосось балыгы 45 өлкөгө сатылды.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 330 миллион 169 миң 400 доллар болгон түрк лососунун экспорт кирешеси ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 351 миллион 350 миң 868 долларга жетти.
Экспорттолгон продукциянын көлөмү да 51 миң 239 тоннадан 57 миң 675 тоннага көбөйдү.
Ушундайча түрк лосось экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 13 пайызга, нарк жагынан 6 пайызга өстү.
Аталган мезгилде түрк лосось балыгы Орусия Федерациясы баш болуп 45 өлкөгө сатылды.
Бул мезгилде Түркия Орусия Федерациясына 42 миң 252 тонна лосось экспорттоп, 244 миллион 228 миң 634 долларлык киреше тапты.
Өткөн жылдын ушул мезгилинен айырмаланып Түркиядан Филиппин, Египет, Оман, Словения, Бахрейн, Өзбекстан жана Сербияга да лосось экспорттолду.
Тектеш кабарлар
Мехмет Шимшек Оманда
Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү темалары талкууланды.