Түркиянын унаа экспортунун өсүшү

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TİM) маалыматына караганда, Түркиянын унаа экспорту 2024-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга өсүп 26 миллиард 933 миллион 806 миң долларга жетти.

2195502
Түркиянын унаа экспортунун өсүшү

Түркиянын унаа экспортунда сентябрь айындагы эң жогорку көрсөткүчтөр болду.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TİM) маалыматына караганда, Түркиянын унаа экспорту 2024-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга өсүп 26 миллиард 933 миллион 806 миң долларга жетти.

Сентябрь айында сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,9 пайыз өсүп 3 миллиард 406 миллион 665 миң долларга жетти.

Январь-сентябрь айларында автомобиль өнөр жайынын экспортунун жалпы экспорттун ичиндеги үлүшү 16,2 пайыз болуп эсептелген.

Автоунаа өнөр жайында эң көп экспорт 3,6 миллиард доллар менен Германияга жасалса, бул өлкөдөн кийин 3,2 миллиард доллар менен Улуу Британия, 3 миллиард доллар менен Франция, 2,5 миллиард доллар менен Италия жана 1,8 миллиард доллар менен Испания болду.

Экспорттун өсүшү боюнча Улуу Британия биринчи орунда турат. Январь-сентябрь айларында авто унаа өнөр жайынын өлкөгө экспорту 796,7 миллион долларга өстү. Экспорттун өсүшү боюнча бул өлкөдөн кийин 220,4 миллион доллар менен Румыния, 220 миллион доллар менен Италия, 212,9 миллион доллар менен Словения жана 125,6 миллион доллар менен АКШ турат.

Автоунаа өнөр жайынын тышкы соодасы 2021-жылдын январь-сентябрь мезгилинде 24 пайызга өсүп 21,2 миллиард долларга, 2022-жылы айтылган мезгилде 5,1 пайызга өсүп 22,3 миллиард долларга, 2023-жылы 14,8 пайызга өсүп 25,6 миллиард долларга жетти.



Тектеш кабарлар