Түркиянын фындык экспорту
1-30-сентябрь аралыгында 24 миң 926 тонна фындык сатылды.
Түркия 2024-2025-жылдагы фындык экспорттоо сезонунун биринчи айында бул продукциядан болжол менен 197,6 миллион долларлык киреше тапты.
Кара деңиз фындык жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2024-2025-жылдарга карата экспорт сезонунун биринчи айы тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө 1-30-сентябрь аралыгында 24 миң 926 тонна фындыктын 197 миллион 563 миң 194 долларга чет өлкөгө сатылганы маалымдалды.
Ошондой эле өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 24 миң 462 тонна фындык экспорттолуп, андан 152 миллион 866 миң 779 долларлык киреше түшкөнү белгиленди.
Тектеш кабарлар
Мехмет Шимшек Оманда
Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү темалары талкууланды.