Түркиянын кофе экспортунда өсүү

"Дүйнөлүк кофе күнү" расмий түрдө 2015-жылдан бери жыл сайын 1-октябрда белгиленип келет.

2192965
Түркиянын кофе экспортунда өсүү

Түркия 5 жылда кофенин экспортунан 154,7 миллион долларлык киреше тапты.

"Дүйнөлүк кофе күнү" расмий түрдө 2015-жылдан бери жыл сайын 1-октябрда белгиленип келет.

Кофенин экономикалык баалуулугу жана социалдык таасирлери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу аракетинин бир бөлүгү катары туруктуу кофе өндүрүүнүн маанилүүлүгүнө да көңүл бурулууда.

Түркияда кофе дандары өспөгөнүнө карабастан өнүм кайра иштетилип бул аймакта экспорттолууда.

Түркиянын кофе жана кофе азыктары экспортунун көлөмү, 2020-2024-жылдын август айларын камтыган болжол менен 5 жылда 154 миллион 690 миң 881 долларды түздү.

Кофе экспортунун кирешеси 2020-жылы 20,2 миллион доллар болуп, 2021-жылы 23,8 миллион долларга, 2022-жылы 36,5 миллион долларга жана 2023-жылы 39,7 миллион долларга өстү.

Түркия саткан кофеге эң көп суроо-талапты көрсөткөн өлкөлөр болсо жылдарга жараша өзгөрдү.

Өткөн жылы эң көп кофе экспорттолгон өлкөлөр АКШ, Нидерландия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Беларусь жана Сауд Арабия. Бул мезгилде Түркиянын кофелери 146 өлкөгө сатылды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында экспорттун көлөмү 34,5 миллион доллар деңгээлинде ишке ашты.

Түркия эң көп кофе сатып алган өлкөлөр Бразилия, Нидерландия жана Германия болду.



Тектеш кабарлар