Чет элдиктердин TLге болгон кызыгуусу артууда
Чет элдиктер акыркы жылы акцияларды жана облигацияларды сатып алууну көбөйтүштү.
Экономикада ташталган кадамдар чет элдик инвесторлордун түрк лирасы (TL) активдерине болгон ишенимин арттырды.
Чет элдиктер акыркы жылы акцияларды жана облигацияларды сатып алууну көбөйтүштү.
Түркияга өткөн жылы 43 миллиард доллардан ашуун капитал агымы болду.
Облигация жана биржа базарларына агымдар да июль айында акыркы 10 жылдын эң жогорку чегине жетти.
Аналитиктер чет элдик инвесторлордун TLге кызыгуусу уланып жатканын жана бул акыркы кызыгуунун Борбордук банктын TLны коргогон позициясынан улам болгонун белгилешти.
Стратег Волкан Дүкканжык: «Чет элдиктер долларларын, япон йенин, евролорун сатып, Түркияда TL инструменттерине келип инвестиция салып жатышат. Бул азыр чет элдиктер үчүн абдан жагымдуу көрүнөт. Ошондуктан Түркия бул ташыган соода мүмкүнчүлүгүн сунуш кылган дүйнөдөгү эң жагымдуу өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан мен чет элдиктер бул жагымдуу кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн бир канча убакытка чейин пайдалана беришет деп ойлойм»,-деп өз баасын берди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын килем экспортунда өсүү
Түркиянын килем экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга өстү.