Украина Россияга учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды
Россиянын коргоо министрлиги Украинанын түн ичинде 121 учкучсуз учуучу аппараты менен Россиянын аймагына анын ичинде Москвага кол салууга аракет кылгандыгын билдирди.
Россиянын коргоо министрлиги Украинанын түн ичинде 121 учкучсуз учуучу аппараты менен Россиянын аймагына анын ичинде Москвага кол салууга аракет кылгандыгын билдирди.
Билдирүүдө орус абадан коргонуу системаларынын 121 учкучсуз учуучу аппаратынын жок кылынгандыгы баса белгиленип, булардан 37инин Брянскта, 20сынын Рязанда, 17нин Курскта, 17нин Саратовдо, 7нүн Ростовдо, 6нун Москвада жана 6сунун Белгороддо, 3нүн Варонежде, 2нүн Орлов, 2нүн Липецк облустары, 1нүн Москва шаары жана 1нүн аннексияланган Крымдын үстүндө атылгандыгы тууралуу маалымат берилди.
Рязань облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, атылган учкучсуз учуучу учактын тетиктеринин кулашынан улам заводдо өрт чыккандыгы, айрым имараттардын жабыркаганы, бирок адамдардын жабыркабагандыгы маалымдалды.
Россиянын федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) да коопсуздук максатында Казан, Нижнекамск, Пенза, Самара жана Саратов аэропортторунда каттамдардын убактылуу токтотулгандыгын билдирди.
Украина тарабынан учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган кол салуунун согуштун башталышынан берки эң күчтүү кол салуу болгондугу белгиленди.
Россия менен Украинанын ортосундагы согуш улантылып, орус күчтөрү Украинанын Киев облусуна караштуу Фастив жана Бровари шаарларына абадан кол салды.
Кол салууда жарандык отурукташуу жерлери да зыян тартты. Бровари шаарына жасалган кол салуудан кийин топтор окуя болгон жерге барды.
Тектеш кабарлар
Украина : " "Албашнефть" мунай иштетүүчү заводуна ракеталык чабуул жасадык"
Украина куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы бул тууралуу маалымат берди.