Дональд Трамп : "Зеленский сүйлөшүүгө даяр"

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин согушту токтото турган келишимди сүйлөшүүгө даяр экендигин айтты.

2234098
Дональд Трамп : "Зеленский сүйлөшүүгө даяр"

 АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин согушту токтото турган келишимди сүйлөшүүгө даяр экендигин айтты.

АКШнын президенти Трамп Ак үйдө өткөн кол коюу аземинен кийин күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Трамп Россия  -  Украина согушунун «күлкү келтирген» согуш экенин жана анын тез арада бүтүшү керектигин баса белгилеg: «Путин мени менен кыска убакытта жолугушууну каалап жатат. Жолугушамын. Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери мындай  согуш аянтын болгон эмес. Бул согушту акырына чыгаруу жакшы болот»,- деди.

Украинанын президенти Зеленский сүйлөшүүлөргө даярбы деген суроого жооп берген Трамп : "Зеленский бул согушту токтото турган келишимди сүйлөшүүгө даяр. Украина менен Россия экөө тең көп аскерин жоготту",-  деди.

Кытайдын Россия аркылуу белгилүү бир таасири жана күчүнүн бар экендигин жактаган Трамп согуштун акырына чыгышы үчүн Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин да бул таасирин согушту токтотуу үчүн колдонушу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар