Дональд Трамп Ким Чен Ын менен байланышат

Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Түндүк Кореянын лидери Ким менен байланышабы деген суроого: «Алар  менен кайрадан дагы байланышам»,- деп жооп берди.

2234065
Дональд Трамп  Ким Чен Ын менен байланышат

АКШнын  президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен байланыша тургандыгын билдирди.

Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Түндүк Кореянын лидери Ким менен байланышабы деген суроого: «Алар  менен кайрадан дагы байланышам»,- деп жооп берди.

" Ким Чен Ын акылдуу адам. Ал мени жакшы көрөт, мен аны менен тил табыша аламын", - деди Трамп. 

Трамп 2019-жылдын июнь айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жарым аралды Түндүк жана Түштүк Корея деп экиге бөлгөн “демилитаризацияланган зонада” жолугуп, кол алышып көрүшкөн жана Түндүк Кореяга барган  АКШнын бирbнчи  президенти болгон.



Тектеш кабарлар