Ахмед Шара ПКК/ЙПГга карата катуу билдирүү жасады

Сириядагы жаңы башкаруунун лидери Ахмед Шара Түркияны коркунучка салган террордук топторго Сирия жерлеринде уруксат бербей тургандарын айтты.

2234089
Ахмед Шара  ПКК/ЙПГга карата катуу билдирүү жасады

Сириядагы жаңы башкаруунун лидери Ахмед Шара Түркияны коркунучка салган террордук топторго Сирия жерлеринде уруксат бербей тургандарын айтты.

Шара берген билдирүүсүндө чет элдик террордук элементтердин Сириядан чыгышы керектигин баса белгиледи жана президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түркияга Сирияга берген колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ахмед Шара ПКК/ЙПГ террордук уюмунун өлкөсүндө болушуна каршы экендерин так түрдө билдирди. Түркия менен бир сызыкта экендерин белгилеген Шара террордук уюмга карата мамилелерин катуу түрдө билдирди.

Шара чет элдик куралдуу террордук топторду каалбагандарын жана өзгөчө Түркияны коркунучка сала турган уюмдарга Сирия жерлеринде уруксат бербей тургандарын баса белгиледи.

Шара : «Биз алгачкы күндөн тарта бардык топтор куралдарын таштайт, коргоо министрлигинин чатыры астына кирет деп айттык. Баары кабыл алды. Бирок тилекке каршы ПКК/ЙПГ муну кабыл алган жок»,- деди.

Ахмед Шара сириялыктарды  өлкөлөрүнө кайтууга чакырып, эл аралык коомчулуктан  Сирияга салынган санкцияларды жоюуну талап кылды.

 

 



Тектеш кабарлар