Калифорнияда өрт чыгып 20 миңден ашуун кишини эвакуациялоо буйругу берилди
Калифорниянын Тынч океандын жээгиндеги Малибу шаарында катуу шамалдан улам өрт чыкты.
Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында уланып жаткан өрткө байланыштуу аймакта жашаган 20 миңден ашуун кишини эвакуациялоо буйругу берилди.
Калифорниянын Тынч океандын жээгиндеги Малибу шаарында катуу шамалдан улам өрт чыкты.
Өрттүн 2800 акрдан ашык аянтка жайылганын белгилеген бийлик 20 миңден ашуун тургунду эвакуациялоону буйруду.
Аймакта таасирдүү болгон "Санта-Ана" шамалынын ылдамдыгы саатына 64 километрге жеткени маалымдалды.
Аймакта коопсуздук чараларынан улам 40 миңден ашуун кишинин электр жарыгы өчүрүлдү.
Мындан тышкары, "Санта-Ана" деп аталган катуу жана кургак шамалдан улам башка аймактарда өрттүн чыгышы мүмкүн экендиги эскертилди.
Малибу шаарында тездик менен жайылып жаткан өрттөн улам кечээ Пеппердин университетинин кампусунда студенттер жана кызматкерлер эвакуацияланган.