Зеленский Грузия өкмөтүнүн мүчөлөрүнө санкция салуу тууралуу жарлыкка кол койду
Зеленский X аккаунтунда бөлүшкөн видеокайрылууда Европа Биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтоткон Грузия өкмөтүн сынга алды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзеге жана айрым өкмөт өкүлдөрүнө каршы санкция салуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Зеленский X аккаунтунда бөлүшкөн видеокайрылууда Европа Биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтоткон Грузия өкмөтүн сынга алды.
Тбилиси администрациясын орус жактоочусу чечимди ишке ашыруу менен айыптаган Зекенский: «Бул аймакта Грузияны, Молдованы, Украинаны же башка бирөөнү жогото албайбыз»,-деди.
Зеленский бул өлкөлөрдүн Москвага каршы коргонуу үчүн биригиши керектигин айтты.
Грузиянын премьер-министри Кобахидзенин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчү башчысы, ишкер Бидзина Иванишвилиге жана айрым грузин жетекчилерине каршы санкция киргизүү жарлыгына кол койгонун белгилеген Зеленский: "Бул санкциялар өлкөнү Россиянын президенти Владимир Путинге тапшырган Грузиянын учурдагы өкмөтүнүн бир бөлүгүн бутага алууда",- деди.
Зеленский АКШ менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнө да Тбилиси өкмөтүнө каршы санкция киргизүү чечимин чыгарууга чакырды.
Грузин өкмөтү менен тил табыша албаган грузин президенти Саломе Зурабишвили X аккаунтундагы билдирүүсүндө Зеленскийге Тбилиси администрациясына киргизген санкциялары үчүн ыраазычылык билдирди.
“Россия Кара деңиздеги көзөмөлдү кайтарып алууга аракет кылууда”, - деди Зурабишвили.
Грузиянын премьер-министри Кобахидзе болсо пресс-конференцияда Украинанын президенти Зеленскийдин санкция чечимине каршылык көрсөтүп : «Украиналык жетекчилер мындай чечимди кабыл алууда көз карандысыз эмес»,- деди.
Кээ бирөөлөрдүн Украина менен Грузия өкмөттөрүнүн ортосундагы карым – катнаштардын жасалма түрдө бузулушун каалап жатканын белгилеген Кобахидзе, украин эли менен ар дайым достук мамиледе болгонун баса белгиледи.