ЮНИСЕФ: «Укранада күнүнө орто эсеп менен 2 бала каза болот же жаракат алат»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясында Украинадагы балдардын абалы боюнча сөз сүйлөдү.

2217512
ЮНИСЕФ:  «Укранада күнүнө орто эсеп менен 2 бала каза болот же жаракат алат»

2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунан улам күн сайын орто эсеп менен 2 бала каза болуп же жарадар болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясында Украинадагы балдардын абалы боюнча сөз сүйлөдү.

Балдар чыр-чатактарга барган сайын түздөн-түз аралашып жатканын эскерткен Рассел 2024-жылдын биринчи 9 айында балдардын жоготуулары 2023-жылга караганда көбүрөөк катталганын белгиледи.

Рассел: «2022-жылдын февраль айынан бери кеминде 2,406 бала каза болду же жарадар болду, бул күн сайын орто эсеп менен 2 бала»,-деди.

Мунун согуштун коркунучтуу таасиринин маанилүү көрсөткүчү экенин белгилеген Рассел, Украинанын ичинде 3,6 миллион кишинин жер которгондугун, 6,7 миллион кишинин да качкынга айланганын белгиледи.

Рассел: «Балдарга тынымсыз кол салуулар же зордук-зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, жакындарын жоготуу, жер которуунун айынан үй-бүлөлөрдөн ажырашуу жана билим берүүнүн үзгүлтүккө учурашы сыяктуу терс көрүнүштөр таасир этет»,-деп эскертти.

Мындай травмалардын кесепеттери кыйратуучу жана балдардын психикалык саламаттыгына туруктуу таасир калтырышы мүмкүн экенин белгилеген Рассел БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн жана жаңжалдашкан тараптарды балдарды коргоо үчүн тез арада кадам таштоого чакырды.

Саясий чечимдин зарылдыгын баса белгилеген Кэтрин Рассел : «Балдар бул Кеңештен бир чечим сунуш кылышын күтүшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар