Гидеон Саар: "Туткундарды алмашуу мүмкүнчүлүгү бар"

Саар америкалык кесиптеши Антони Блинкен менен Мальтадагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 31-министрлер кеңешинин жыйынында жолугушту.

2217513
Гидеон Саар: "Туткундарды алмашуу мүмкүнчүлүгү бар"

Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар туткундарды алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Саар америкалык кесиптеши Антони Блинкен менен Мальтадагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 31-министрлер кеңешинин жыйынында жолугушту.

Саар Блинкенге Израилдин туткундарды алмаштырууда "олуттуу экенин жана бул темада мүмкүнчүлүк табылганын" айтты.

Жолугушууда Саар менен Блинкен Сириядагы кырдаал жана Ливандагы ок атышпоо тууралуу да сүйлөшүү өткөрдү.

Израиль басма сөзү, Египеттин Хамас менен Израилге Газа тилкесинде ок атышпоо жана туткундарды алмашуу боюнча жаңы сунушту бергенин жазган болчу.

Маалымат каражаттарында Израилдин делегациясы келерки аптада Каирге барып, Египеттин Хамас менен туткундарды алмашуу келишимине байланыштуу жаңы сунушун талкуулай турганы кабарланган.



Тектеш кабарлар