Бельгиялык дыйкандар нааразычылык акциясына чыгышты

Бельгиялык дыйкандар негизги жолдорду тосуп Европа Биримдиги менен  Түштүк орток рыногунун (MERCOSUR) ортосунда кол коюлушу пландалган эркин соода келишимине нааразычылык билдиришти.

2217464

Бельгиянын Валлон аймагындагы дыйкандар профсоюздарынын чакырыгы менен жүздөгөн дыйкан өлкөнүн негизги жолдорунда нааразылык акцияларын уюштура башташты.

Дыйкандар тракторлору менен өлкөнү Франция жана Нидерландия менен байланыштырган кээ бир негизги жолдорду жаап, унаа агымына тоскоол болушту.

Бельгиялык дыйкандар Европа Биримдигинин Аргентина, Бразилия, Парагвай жана Уругвай да мүчө болгон  MERCOSUR менен түзүүнү пландаган жана эт азыктарын камтыган эркин соода келишимине бөгөт коюуну каалап жатышат.
Европа Биримдигинин  MERCOSUR менен  1999-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн ушул айдын ичинде бүтүшү күтүлүүдө.

Келишим  менен Европа Биримдигинин  MERCOSUR өлкөлөрүнөн айыл чарба азыктарын жана эт импорттоонун жолунун ачылышы күтүлүүдө. Европа Биримдигинин өндүрүүчүлөрү аймактан арзан эттин экспорттолушуна "адилетсиз атаандаштык" деген жүйө  каршы чыгышууда.

Тектеш кабарлар