Кытайда 100 миң жылдык панда фоссилдери табылды

Шуанхэ үңкүрүнөн табылган калдыктардын муз доорунун аягындагы ири панда популяциясынын генетикалык эволюциялык тарыхын түшүнүүгө сейрек мисал боло алаары болжолдонууда.

2206480
Кытайда 100 миң жылдык панда фоссилдери табылды

Кытайдагы Шуанхэ үңкүрүндө 100 миң жылдык экени айтылган панда фоссилдери табылды.

Кытайдын Гуйчжоу провинциясындагы Азиянын эң узун, дүйнөнүн болсо үчүнчү эң узун үңкүрү болгон Шуанхэ үңкүрүндө панда фоссилдеринин аныкталганы кабарланды.

2003-жылдан бери көптөгөн панда фоссилдери чыгарылган Шуанхэ үңкүрүндө 100 миң жылдык экени белгиленген 46 чоң панда фоссилинин табылганы маалымдалды.  

Геологиялык керемет деп аталган Шуанхэ үңкүрүнөн чыгарылган калдыктардын муз доорунун аягындагы ири панда популяциясынын генетикалык эволюциялык тарыхын түшүнүүгө сейрек мисал боло алаары болжолдонууда.



Тектеш кабарлар