Остин япониялык кесиптеши менен сүйлөштү

Остин Накатанини жаңы кызматынан улам куттуктады.

2196349
Остин япониялык кесиптеши менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Япониянын коргоо министри Накатани Гэн менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Остин эки өлкөнүн карым-катнаштарында тарыхый жылыш болуп жаткан мезгилде Накатанини жаңы кызматынан улам куттуктады.

Эки министр АКШ-Япония шериктештигинин башкаруу жана көзөмөлүн модернизациялоого чечкиндүү экендиктерин билдиришти.

Коргоо министрлери ошондой эле эркин жана ачык Индо-Тынч океан үчүн аймактык өнөктөштөр менен коргонуу тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.



Тектеш кабарлар