Орусия Белгород облусундагы айылдарды жапты

Петровка жана Соловьевка айылдарын кирүүгө жабуу, ошондой эле жергиликтүү калкты эвакуациялоо жана аларды жаңы турак жайларга жайгаштыруу чечими кабыл алынды.

2196420
Орусия Белгород облусундагы айылдарды жапты

Орус жетекчилери Белгород облусундагы “тыюу салынган аймакты” кеңейтти.

Петровка жана Соловьевка айылдарын кирүүгө жабуу, ошондой эле жергиликтүү калкты эвакуациялоо жана аларды жаңы турак жайларга жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Конуштар Белгороддон 30 чакырымдай алыстыкта.

Белгороддун губернатору, Петровка элинин тынымсыз аткылоодон тынчы кетип, өздөрүн коопсуз сезбегенин билдирди.

17-июлда губернатор Гладков Белгород облусундагы 14 конуштун кирүүгө жабылганын кабарлаган. Губернатордун айтымында, кароосуз калган үйлөр жана мүлк Коргоо министрлигинин күчтөрү тарабынан корголот.



Тектеш кабарлар