Адамдар канаттуулардын түрлөрүн жок кылышты

Англиядагы Бирмингем университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө, куш түрлөрүнүн жок болушуна адам факторунун тийгизген таасири иликтенди.

2194849
Адамдар канаттуулардын түрлөрүн жок кылышты

Адамдардын акыркы 130 миң жылда канаттуулардын түрлөрүнүн болжол менен 7 пайызынын жок болушуна себеп болгону аныкталды.

Англиядагы Бирмингем университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө, куш түрлөрүнүн жок болушуна адам факторунун таасири иликтенди.

Акыркы 130 миң жылда кеминде 600 куш түрү (болжол менен 7 пайыз) адамдардын айынан жок болгондугуна байланыштуу далилдер табылган изилдөөдө, илимпоздор куш түрлөрүнүн жок болушунун экосистемага жана биологиялык көп түрдүүлүккө тийгизген таасири менен булардын ыктымалдуу кесепеттерине көңүл бурушту.

Изилдөө тобунан доктор Том Мэттьюс далилдердин, канаттуулардын түрдүүлүгүнүн азайышына адамдардын себеп болгонун ачыкка чыгарганына көңүл буруп, алдыбыздагы 200 жылда дагы 1000 куш түрүнүн толугу менен жок болорун, мунун кесепеттеринин изилдениши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар