Германияда «Ачык мечит күнү» иш-чарасы
Мечиттердеги иш-чарага көптөгөн кайрымусулмандар катышты.
2194928
Германиядагы мечиттерде «Ачык мечит күнү» иш-чарасы өттү.
Дин иштери Түрк-Ислам Биримдигине караштуу мечиттердеги иш-чарага көптөгөн мусулман эмес адамдар катышты.
Коноктор күн бою кызматкерлерден Ислам дини жөнүндө маалымат алышты.
Зыяратчылар азанды жана Курани Каримди кунт коюп угуп, ал көз ирмемдерди телефондоруна жаздырып алышты.
Мусулмандардын катар тизилип окуган намаздарына зыяратчылар кызыгуу менен күбө болушту.
Дин иштери Түрк-Ислам Биримдигинин Кельндогу борбордук мечити да эң көп зыярат кылынгандардын арасында.
Жыл сайын мечитке 25 миңге жакын ар түрдүү диндердин өкүлдөрү зыярат кылышат.
Германияда “Ачык мечит күнү” 1997-жылдан бери жыл сайын 3-октябрда салттуу түрдө өткөрүлүп келет.