Газада каза болгондордун саны 41 миң 802ге жетти
Израилдин Газага 364 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 10 күндө Газа тилкесине кол салууларында 296 палестиналык каза болуп, 837 киши жараланды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 364 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израилдин Газа тилкесинде бир жылга жакын убакыттан берки геноцидинде акыркы 10 күндө 296 палестиналыктын каза болгондугу, 837 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде «3 кыргын» жасаганы, бул кол салууларда дагы 14 палестиналыктын каза тапканы, 50 палестиналыктын жараланганы кабарланды.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине улантып жаткан геноцидинде каза болгондордун саны 41 миң 802ге, жаралуулардын саны 96 миң 844кө жеткени маалымдалды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле өлүктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.