БУУдан бардык мүчөлөргө чакырык салынды

Швейцариянын БУУдагы туруктуу өкүлү Паскале Баерисвил БУУнун Коопсуздук кеңешинин жабык сессиясынан кийин 15 мүчөнүн атынан билдирүү жасады.

2194751
БУУдан бардык мүчөлөргө чакырык салынды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши (БУУKK) бардык мүчөлөрдү «башкы катчы Антониу Гутерриштин мандатын бузуучу аракеттерден алыс болууга» чакырды.

Швейцариянын БУУдагы туруктуу өкүлү Паскале Баерисвил БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жабык сессиясынан кийин 15 мүчөнүн атынан билдирүү жасады.

Баерисвилдин билдирүүсү Израиль БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештин атын атабаганы менен аны «персона нон грата» деп жарыялагандан кийин жасалды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн «Гутерришке жана анын БУУда ойногон чоң ролуна толук колдоо көрсөткөнүн» белгилеген Баерисвил, бардык мүчөлөрдүн Башкы катчы менен эффективдүү жана таасирдүү карым-катнаштарын сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Баерисвил: «Бардык мүчөлөр Башкы катчынын ролуна шек келтире турган аракеттерден алыс болушу керек»,- деди.

Израилдин администрациясы Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну тез арада басаңдатууга чакырган БУУнун баш катчысы Гутерриштин «персона нон грата» деп жарыяланганын жана өлкөгө кирүүгө тыюу салганын жарыялады.

1-октябрдагы билдирүүсүндө БУУнун баш катчысы Израилге атылган ракеталарга байланыштуу Ирандын атын атабаганы жана Тегерандын чабуулун «түз айыптабаганы» айтылган.

Гутерриш Ирандын ракеталык чабуулунан кийинки билдирүүсүндө: «Жакынкы Чыгыштагы кагылышуунун кеңейүүсүн айыптайм»,-деп айтып, ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырды.

Израилдин чечиминен кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр менен Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Гутеррешти колдогондорун жарыялашты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилддин БУУда сүйлөгөн сөзүндө Башкы катчы жөнүндө такыр сөз кылбай: «АКШ Израилге толук, толук жана толук колдоо көрсөтөт»,- деп сүйлөгөн сөзү көңүл бурду.



Тектеш кабарлар