Зимбабве 200 пилди союп этин таратат
Ачарчылыктан жапа чеккен калк үчүн 200гө жакын пилдин союла турганы жана этинин муктаж болгондорго таратыла турганы билдирилди.
2188679
Зимбабве катуу кургакчылыктан келип чыккан тамак-аш тартыштыгы менен күрөшүү үчүн 200гө жакын пилди союп, этин элге таратууну пландоодо.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, Зимбабвенин жапайы жаратылыш мекемеси, кургакчылыктан кийин ачарчылыктан жапа чеккен калк үчүн 200гө жакын пилдин союла турганын жана этинин муктаж болгондорго таратыла турганын билдирди.
Айрым экологдор тамак-аш менен камсыз кылуунун жакшы жолдору бар экенин жактап бул чечимди сынга алышса, башкалары пилдердин өлкөгө туристтерди тартууда маанилүү элемент экенин айтып айыпташты.
Зимбабведе 84 миңден ашык пил бар.