Норвегияда электр унаа рекорду

16-сентябрга карата өлкөдө катталган 2,8 миллион жеке автоунаанын 754 миң 303ү толук электр менен, 753 миң 905и бензин менен иштегени маалымдалды.

2188628
Норвегияда электр унаа рекорду

Норвегияда толук электр менен иштеген автоунаалардын саны биринчи жолу бензин менен иштеген автоунаалардын санынан ашып кетти.

Норвегия Жол Федерациясынын (OFV) билдирүүсүндө, 16-сентябрга карата өлкөдө катталган 2,8 миллион жеке автоунаанын 754 миң 303ү толук электр менен, 753 миң 905и бензин менен иштегени маалымдалды.

Өлкөдө дизель менен иштеген автоунаалардын санынын да азайып жатканы айтылган билдирүүдө: «Тарыхый өзгөрүү: Норвегия жолдорунда эми бензин менен иштеген автоунааларга караганда электр менен иштеген автоунаалар көбүрөөк»,- деп айтылды.

Норвегия Жол Федерациясынын директору Ойвинд Солберг Торсен темага байланыштуу: «Бул тарыхый окуя. 10 жыл мурун аз эле адам көрө алган бурулуш жери»,- деп баа берди.

Эсептөөлөргө караганда, өлкөдөгү жеке автоунаалардын саны 2030-жылга чейин 3,1 миллионго жетет.



Тектеш кабарлар